Чет элдиктер үчүн Сберкарта

  • Орусиянын жарандарыныкындай аласа Сберкартасы
  • Чет өлкөгө арзан которуулар жана тейлөө кызматтарын төлөө үчүн жарактуу
  • Эгерде Сиз картага эмгек акыны алсаңыз, тейлөө - 0 ₽
Чет элдиктер үчүн Сберкарта
Тейлөө - 0 ₽
Эгерде Сиз картага эмгек акыны алсаңыз, болбосо – айына 150 ₽
Акча чыгаруу үчүн 0 ₽
СберБанктын банкоматтарында күнүнө 150 000 ₽га чейин комиссиясыз акча чыгара алысыз
Чет өлкөгө акча которуу үчүн 0-1%
Аз комиссия менен жакындарыңызга акча жөнөтүңүз
Кабарлама үчүн 99 ₽
Карта боюнча операциялар тууралуу отчетторду телефон аркылуу алыңыз.

Тиркеме аркылуу жакындарыңызга акча которуңуз

Карта менен Сиз көптөгөн чет өлкөлөргө СберБанк онлайн1 аркылуу туугандарга жана досторго акча которо аласыз.

Патентти төлөңүз

Картаны жасап-тариздеп, Сбербанктын каалаган банкоматтарында же кеңселеринде патентти төлөңүз. Тезирээк мүмкүн – Сбербанктын тиркемеси боюнча же онлайн жеке кабинетте.

СберСпасибонун бонустарын алыңыз жана сарптаңыз

Карта менен төлөөгөндө Сизге бонустар2 келип түшөт. Алар аркылуу дарыканаларда, кийим дүкөндөрүндө, кафелерде ж.б. сатып алган нерсенин 99 %на чейин наркы төлөнөт. 1 бонус = 1 рубль

Сбер Прайм + Жазылуусу менен карта пайдалуураак

Жазылуу3 менен Сиз:

  • Банктын кардарларына комиссиясыз акча которо аласыз
  • Накталай акча чыгара аласыз
  • Уюлдук байланышты акысыз колдоно аласыз: 500 мүнөт жана 5 Гб. Болбосо башка тарифтен 40% арзандатуу алуу мүмкүн

СберБанк онлайн Тиркемеси - бул ыңгайлуу

  • Орусия аймактары жана чет өлкөлөр боюнча жакын
  • Патентти, уюлдук байланышты, коммуналдык кызматтарды жана башка кызматтарды төлөңүз
  • Сарптоолоруңуздун тарыхына көз салыңыз
  • Салымдарды ачыңыз, эсеп-чот балансын текшериңиз

Картаны кантип алууга болот

  1. 1
    Арызды орус тилинде толтуруңуз
    Сиздин өлкөңүздүн паспорту жана орус операторунун уюлдук телефону гана керек болот.
  2. 2
    Картанын даярдыгы тууралуу СМС кабарды күтүңүз
    Карта даяр болгондо, билдирүү жөнөтөбүз.
  3. 3
    Картаны банктын кеңсесинен алыңыз
    Керектүү документтерди алууну унутпаңыз.

Обратите внимание

Заявку нужно заполнять на русском языке

Чет элдиктер үчүн колдонмо

Бул жерде Сиз суроолорго жооп таба аласыз:

  • Көчүүнү кантип пландаштырууга болот
  • Кандай документтерди толтуруу керек
  • Кантип отурукташып, бош убакытты кандай өткөрүүгө болот

Россияга көчүп келүүнү каалаган, бирок эмнеден баштарын билбеген жакындарыңыз менен колдонмону бөлүшүңүз.

1 Интернет-банк жана «Сбербанк Онлайн» Ууюлдук тиркемеси Сбербанктын «Уюлдук банк» СМС-сервисине туташкан банк карталарынын (корпоративдик карталардан тышкары) ээлерине жеткиликтүү. Интернет-банкты жана «Сбербанк Онлайн» Уюлдук тиркемесин колдонуу үчүн Интернет тармагына кирүү зарыл. Жаш курагы боюнча чектөөсүз маалыматтык продукцияга карата колдонулат. Интернет-банк жана «Сбербанк Онлайн» Уюлдук тиркемеси тууралуу толук маалыматты банктын сайтынан www.sberbank.ru, бөлүмдөрдө же 8 800 555 55 50 телефон номери аркылуу тактасаңыз болот.ПАО Сбербанк. 11.08.2015дан  №1481 банк операцияларын жүргүгүү боюнча Орусия Банкынын Башкы лицензиясы.

2 «СберСпасибо» программасынын уюштуруучусу (Программа) — ПАО Сбербанк (Россия банкынын банк операцияларын жүзөгө ашырууга Башкы лицензия 11.08.15дан № 1481). Программа 12.11.11дан тартып күчүнө кирет жана колдонуу мөөнөтү менен чектелбейт. ПАО Сбербанктын тапшырмасы боюнча программасы АК «ЦПЛ"  аркылуу ишке ашырылат (ОГРН: 1117746689840, Москва ш., вн.тер.Дорогомилово муниципалдык району, Поклонная көчөсү, 3-үй, 3-кабат/бөлмө.120). Программанын эрежелери, программада катталуу ыкмалары, программанын өнөктөштөрү жана программанын өнөктөштөрүнүн акциялары, сыйлыктарды алуу шарттары, бонустарды/СберМиль кошуп эсептөө жана эсептен чыгаруу, чектөөлөр тууралуу кеңири маалымат менен сайттан таанышууга болот: https://spasibosberbank.ru/ жана/же https://sberspasibo.ru/. Ушул материалда жазылган терминдер программанын эрежелеринде аныкталган мааниде колдонулат. Программанын уюштуруучусу программанын эрежелерине бир жакту тартипте, ошондой эле аны өткөрүү мөөнөттөрүнө, сыйлыктардын санына, мөөнөттөрү жана башка шарттар бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу. Ачык сунуш болуп эсептелбейт.

3 ЖАК Сбербанк (мындан ары - ТП) тарабынан берилген «СберПрайм+» (18+) Тарифтик планы – бул продуктылардын/кызматтардын тизмеси жана көрсөтүү шарттарын (коюмдардын жана/же башка шарттардын суммасы) көрсөтүү менен наркы. ТПга кошулуунун наркы, шарттары, чектөөлөрү жана мөөнөттөрү боюнча шарттар. ТПнын баасы айына 399 рублди же жылына 3990 рублди түзөт, бир ай/жыл үчүн абоненттик төлөм катары белгиленет жана ТПга кирген бардык өнүмдөрдүн жана кызматтардын баасын камтыйт, ал эми кардар камтылган продуктылар/кызматтардын бардыгын колдонууга милдеттүү эмес.

ТПны туташтырууда кардарга АК «ЦПЛ» тарабынан берилген СберПрай жазылуусун тариздөө мүмкүнчүлүгү (ОГРН 1117746689840, юридикалык дареги: 121170, Вн.Тер. Дорогомилово муниципалдык округу, Москва ш., Поклонная көч., 3-үй, эт. 3, пом. 120) «СберПрайм+ 1 (бир) ай/жылга барабар болгон ар бир жазылуу мезгили үчүн СберПраймга жазылуу наркынан 100 (жүз) пайыз арзандатуу менен» акциясына катышуунун алкагында (мындан ары TP Акциясы) берилет. Дем берүүчү ТП Акциясына катышуу мезгили үчүн берилет, ал СберПрайм+ ТП активдештирилген учурдан тартып СберПрайм+  ТП өчүрүлгөнгө чейин же Акциянын аяктаганга чейинки убакыт аралыгы катары, бул окуялардын кайсынысы мурда болгонуна жараша аныкталат. TП Акциясынын жүргүзүү мөөнөтү: Москва убактысы боюнча 01.04.2021ден 31.03.2023-жылга чейин. TП Акциясынын уюштуруучусу, аны ишке ашыруу эрежелери, стимулдардын саны, аларды алуу убактысы, орду жана тартиби, чектөөлөр жөнүндө толугураак маалымат.

СберПрайм Жазылуу  — АК «ЦПЛ» тейлүү кызматтары (ОГРН 1117746689840, юридикалык дареги: 121170, Вн.Тер. Дорогомилово муниципалдык округу, Москва ш., Поклонная көч., 3-үй, эт. 3, пом. 120) жеке жактарга атайын шарттарда (атайын баа боюнча) сбер-Раймга жазылуунун өнөктөштөрүнүн сервистеринин комплексине жеткиликтүүлүктү уюштуруу жана камсыз кылуу боюнча, же болбосо сбер-Раймга жазылуунун өнөктөштөрүнүн уникалдуу маркетингдик акцияларынын алкагында жеткиликтүү дем берүү. Жазылуу жөнүндө толугураак. Сунуш. Өнөктөштөрдүн тизмеси, сервистерди берүү шарттары, чектөөлөр.

Акы төлөнүүчү карта
Эгер 5 000 ₽ ге чейин коротсоӊуз
же 20 000 ₽ ге чейин сактасаӊыз
Акысыз
Эгер 5 000 ₽ дан өйдө коротсоӊуз же
20 000 ₽ дан өйдө сактасаӊыз
Жакшы бонустар
Эгер 20 000 ₽ дан өйдө коротсоӊуз же 40 000 ₽ дан өйдө сактасаӊыз
Максимум пайда
Эгер 75 000 ₽ дан өйдө коротсоӊуз же
150 000 ₽ дан өйдө сактасаӊыз
Бир айга тейлөө 150 ₽ Акысыз Акысыз Акысыз
Карта боюнча билдирүүлөр,
бир айга
99 ₽ 99 ₽ 99 ₽ Акысыз
Накталай акча банкоматтардан комиссиясыз СберБанкта СберБанкта СберБанкта Бүткүл дүйнө жүзү боюнча
Чет өлкөгө акча которуунун комиссиясы Которуунун суммасынан 1%. Минималдуу — 30 ₽, максималдуу — 1 000 ₽
Накталай акчаларды чыгарып алуу лимиттери 50 000 ₽ - суткасына,
500 000 ₽ - айына
150 000 ₽ - суткасына,
1 500 000 ₽ - айына
300 000 ₽ - суткасына,
3 000 000 ₽ - айына
500 000 ₽ - суткасына,
5 000 000 ₽ - айына
Кафе жана ресторандарда жогорулатылган бонустар +5% +5%
Таксиде жогорулатылган бонустар +5%
Авто май куючу жайлардагы жогорулатылган бонустар +10%

Төлөм тутумдарынын өзгөчөлүктөрү

Төлөм тутуму

VisaMastercardМИР
Контактсыз төлөм
Телефон аркылуу төлөө
Кайсы валютада ачууга болот₽₽₽
Чет өлкөдө төлөгөнү болобу
Колдонуу мөөнөтү5 жыл5 жыл5 жыл

Бонустарды эсептөө

СберБанктан cатып алуулар үчүн бонустарсатып алуу суммасынын 10% чейин
Өнөктөштөрдөн сатып алуулар үчүн бонустарсатып алуу суммасынын 30%

Башка кызматтардын наркы

Пландаштырылган кайра басып чыгаруубекер
Кошумча картаны тейлөө жана чыгаруубекер
Жеке маалыматтар жоголгон же өзгөргөн учурда кайра басып чыгаруу150 ₽
Башка банктардын банкоматтарындагы калдыктарды текшерүүар бир суроо үчүн 15 ₽
Банкоматтын көчүрмөсүн алуу (акыркы 10 операция)ар бир суроо үчүн 15 ₽
Карта боюнча отчетту электрондук почта же банк аркылуу алуубекер

Документтер

Картаны даярдоо мөөнөтү
Москвада, Санкт-Петербургда, Новосибирскте, Екатеринбургда, Нижний Новгороддо жана башка чоң шаарларда карта 2-3 иш күндөн кийин даяр болот, аймактарда картанын даярдоосу жана жеткирүүсү 3 иш күндөн 10 иш күнгө чейин жетет. Алыскы конуштарга жеткирүү үчүн 15 иш күнгө чейин керектелиши мүмүкүн.

Такталган мөөнөттөрдү таблицадан биле аласыз.
Картаны алуу үчүн кандай документтер керек?
Картаны алып кетүү үчүн өзүңүз менен чогуу паспорт же башка картага арыз толтурганда колдонулган документти, ошондой эле Оруссияда расмий түрдө болуу укугун тастыктаган кандай гана документи болбосо алып алыңыз. Башка адам үчүн карта алуу үчүн нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн ишеним кат керек.
Акчаны кантип которсо болот?
Акча которуу «Сбербанк Онлайн» мобилдик тиркемеси аркылуу дебеттик карталардан оруссиялык рубль түрүндө жүргүзүлөт. Мобилдик тиркемени колдонуу үчүн «Мобилдик банк» СМС-кызматына туташуу жана Интернет-тармагына жеткиликтүүлүк керектелет. Толук маалымат — sberbank.ru — сайтында же 8 800 555 55 50-телефону боюнча.
Акчаны КМШ өлкөлөрүнө телефон номери боюнча кантип которсо болот?

Акчаны которуу үчүн Сбербанк Онлайн-тиркемесин ачыңыз→ «Төлөмдөр» → «Чет өлкөгө» → «Телефон номери боюнча картага/эсепке» → Керектүү банкты тандаңыз → алуучунун телефон номерин жана сумманы киргизиңиз. Акча алуучуга ошол замат түшөт.

Каякка которсо болот

Патент акысын кантип төлөсө болот?

Сиз Москвада болсоңуз, СберБанк Онлайн -тиркемесин ачыңыз→ башкы экрандын үстү жагындагы «Жүргүзүүлөр» кошумча барагын табыңыз → QR-коддун сүрөтчөсүн басыңыз → квитанциядан кодду сканерлеңиз → патент акысын төлөңүз.

Сиз Санкт-Петербургда, Москва облусунда, Ленинград облусунда жана Карелия республикасында болсоңуз, СберБанк Онлайн-ды ачыңыз → «Төлөмдөр» → «Мамлекет» → «Жумуш патенттери» → аймакты тандаңыз → маалыматтарды киргизиңиз.

Патент акысын банктын кеңселеринде, банкомат аркылуу, СберБанк Онлайн-дагы өздүк кабинетиңизден төлөсөңүз болот.

Өзүмдүн картамдын реквизиттерин мен кантип билсем болот?

Реквизиттерди билүү үчүн Сбербанк Онлайн мобилдик тиркемесинен керектүү картаны табыңыз жана «Реквизиттерди көрсөтүү»-нү басыңыз.

Дагы бир жол: СберБанк Онлайн-дагы өздүк кабинетиңиздеги «Карталар» бөлүгүнө кириңиз жана керектүү картаны табыңыз, андан кийин «Карта боюнча маалымат» → «Карта эсебине которуунун реквизиттери».

Байланышсыз карта менен колдонуу коопсузбу?

Ооба, карта коопсуз. Ал дайыма ээсинин колунда болот, ошондуктан анын маалыматтары шылуундарга жеткиликсиз бойдон калат. Сатып-алууларды картаны бербестен жана ПИН-кодду киргизбестен жүргүзүү коопсуз, анткени эч ким картанын маалыматтарын көрбөйт. Андан тышкары, байланышсыз технология эки эселенген акча чыгаруулардан сактайт — сатып-алууга төлөм аткарылгандан кийин терминал үн сигналын берет жана автоматтык түрдө өчөт.

СберКарта башка карталардан эмнеси менен айрымаланат?

СберКарта — Сиздин ишмердүүлүгүңүзгө жараша ар кандай артыкчылыктарды айкалыштырган СберБанктын дебеттик картасы. Ар бир календардык айдын аягында сиз канча каражат коротконуңуз жана күнүнө картада канча каражат калгандыгы талданат. Чыгымдарды эсептөөдө чыгарып салуу тизмесине кирбеген сатып-алуулар саналат. Акча которуулар жана накталай акча чыгаруулар саналбайт. СберКарта аркылуу жүргүзүлгөн чыгымдарыңыздын жана топтолгон каражаттардын суммасы СберКартанын, кызмат көрсөтүүнүн акысына алынып жаткан артыкчылыктарга таасир этет.

Карта алгандан кийин мага кандай шарттар берилет?

СберКартаны алгандан баштап жана кийинки айдын аягына чейин сиз тейлөөгө төлөбөйсүз. Ошондой эле эгерде сиз программадагы каттоодон өтсөңүз кийинки айдын аягына чейин сиз кафе жана ресторандардагы сатып-алуулар үчүн 5%-ти бонус түрүндө аласыз. Карта боюнча билдирүүлөрдүн толук топтому туташтырылган убактан баштап биринчи эки айга акысыз берилет.

СберКарта боюнча тейлөө комиссиясын кантип төлөбөсө болот?

Тейлөө комиссиясын төлөбөш үчүн СберКарта аркылуу 5000 рубльдан башталган суммага сатып-алууларды жүргүзүңүз же бир ай ичи күнүмдүк карта балансын кеминде 20 000 рубльдан сактаңыз. Ошондой эле эгерде сиз эмгек акыңызды СберБактын картасына алсаңыз (мекемеден же жеке ишкерден), кийинки айда тейлөө акысыз болот. Мисалы, эмгек акы апрель айында келсе, демек май айында СберКарта үчүн төлөөнүн кереги жок.

СберКарта боюнча андан да көп артыкчылык алуу үчүн эмне керек?

Тейлөөнү акысыз бойдон калтыруу, көбөйтүлгөн бонустарды алуу же мобилдик банк жана накталай акчаны үчүнчү жактардын банкоматтарынан чыгаруу үчүн комиссиясын жокко чыгаруу үчүн сиз тандасаңыз болот: белгиленген бир суммага сатып-алууларды жүргүзүү же карта балансын белгиленген бир деңгээлде сактаңыз.

Кантип СПАСИБО-бонустарын алып баштаса болот?

Картаны алгандан кийин «Сбербанктан Спасибо» программасында катталуу керек. Катталуунун эң оңой жолу: 900-номерине СПАСИБО 1234-тексти менен СМС жөнөтүү, мында 1234 — карта номеринин акыркы төрт саны. Ошондой эле Сбербанк Онлайндагы өздүк кабинетинен жана Сбербанктын банкоматынан программага катталса болот — «Сбербанктан Спасибо» бөлүгүн табыңыз жана көрсөтмөлөрдү аткарыңыз.

Бонустар карта менен төлөгөндө автоматтык түрдө чегерилет — алардын саны артыкчылыктардын деңгээлине жараша болот.

Мен кантип СПАСИБО-бонустарын колдонсом болот?

СПАСИБО бонустарын Өнөктөштөрдөн товарларды жана кызматтарды сатып алууда арзандатууларга алмаштырсаңыз болот, Өнөктөштөрдүн толук тизмеси Программанын сайтында жеткиликтүү. Андан тышкары, СПАСИБО бонустарын авиабилеттерди жана мейманканаларда жайгашууну сатып алууда арзандатууга алмаштырса болот («Сбербанктан Спасибо. Саякат» сайтында). Ошондой эле бонустарды иш-чараларга билеттерди сатып алууда арзандатууларга алмаштырса болот — кызмат «Сбербанктан Спасибо, Таасир» сайтында жеткликтүү.

Акчаны кайсы өлкөлөргө которууга болот?
Сиз чет өлкөлүктөр үчүн Сберкартадан Азербайжан, Беларусь, Вьетнам, Грузия, Гонконг, Израиль, Казакстан, Кыргызстан, Латвия, Литва, Макао, Молдавия, Монголия, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан, Украина, Филиппин, Чехия, Эстонияга которо аласыз.

Картаны тариздөө үчүн керектүү документтер

  1. Чет өлкөлүк жарандын паспорту же федералдык мыйзам менен белгиленген, же РФнын эл аралык келишими менен инсандыкты күбөлөндүргөн документ катары таанылган башка документ.
  2. Колдонуудагы миграциялык карта.
  3. Виза жана миграциялык карта же патент; ишке же убактылуу жүргөнгө уруксат; жашай туруу укугу же РФда жүргөнгө укугун ырастоочу башка документ.

Жарандыгы жок жактар тапшырышат:

  • чет мамлекет тарабынан берилген жана жарандыгы жок адамдын иснандыгын ырастоочу Россия Федерациясынын эл аралык келишимине ылайык документ катары таанылган документ.
  • жашап туруу укугу же убактылуу жашоого уруксат.
  • федералдык мыйзамдар менен каралган же жарандыгы жок адамдын инандыгын ырастоочу документ катары Россия Федерациясынын эл аралык келишимине ылайык таанылган башка документтер.

Качкындар тапшырышат:

  • Россия Федерациясынын дипломаттык же консулдук мекемеси, же иммиграциялык контроль посту, же миграциялык кызмат боюнча федералдык аткаруу бийлигинин аймактык мекемеси тарабынан берилген, адамды качкын катары таануу жөнүндө сунуштоону кароо тууралуу күбөлүк.
  • качкындын күбөлүг.