В праздники офисы работают по‑другому
Created with Pixso.

Накталай төлөмдөр үчүн толук аты-жөнүн жана телефон номерин колдонуу менен чет өлкөгө которуулар

Астрасенд системасынын кеңселеринде накталай акчаны заматта алуу.

Жөнөтүү валютасы — РФ рублдары. Кыргызстанда, Тажикстанда жана Монголияда — РФ рублдары, Өзбекстанда — доллар

Оңой жөнөтүү

Эч кандай татаал маалыматсыз: бир гана алуучунун толук аты-жөнү жана телефон номери

Оңой алуу

Акча ошол замат келет: накталай акчаны Астрасенд системасынын каалаган кеңсесинен дароо ала аласыз

Комиссия рубль менен

Кыргызстан, Тжикистан, Монголияга — 1,5%, эн аз 30 ₽

Өзбекистанга — 0%

Которуулар үчүн жеткиликтүү өлкөлөр

Азырынча которууну Кыргызстанга, Тажикстанга, Монголияга жана Өзбекстанга гана которсо болот. Башка өлкөлөрдүн жеткиликтүүлүгү боюнча маалымат сайтта жарыяланып турат

Акча которууну кантип жөнөтүү керек

Сбербанк Онлайн колдонмосун ачыңыз → «Төлөмдөр» → «Чет өлкөгө» → «Толук аты-жөнү жана телефон номери боюнча»

Өлкөнү тандаңыз → валютаны жана которуунун суммасын киргизиңиз → алуучунун толук аты-жөнүн документтегидей жана анын телефон номерин киргизиңиз — которуу жөнүндө маалымат берүү үчүн

Сиз жана алуучу которуунун контролдук номери менен СМС билдирүү аласыз. Ал акча которууну алуу үчүн керек болот

Которууну кантип алам

1

Банктын СМС билдирүүсүндө которуунун контролдук номерин табыңыз же аны жөнөтүүчүдөн сураңыз

2

Астрасенд өткөрүп алуу пункттарынын тизмесинен Астрасенд өткөрүү пункттарын табыңыз, ага паспортуңуз менен барыңыз, контролдук номерди, жөнөтүүчүнүн аты-жөнүн жана которуу жөнөтүлгөн өлкөнү көрсөтүңүз

Которуу менен иш-аракеттер

Алуучунун толук аты-жөнүн өзгөртүү

Сбербанк Онлайн колдонмосун ачыңыз → «Тарых» → керектүү акча которууну табыңыз → «Которууну түзөтүү»

Которууну жокко чыгаруу

Сбербанк Онлайн колдонмосун ачыңыз → «Тарых» → керектүү акча которууну табыңыз → «Которууну жокко чыгаруу»

Которууну жокко чыгаруу үчүн сизден 100 рубль алынат. Акча каражаттары кийинки иш күнү толугу менен кайтарылып берилет (которуу комиссиясын кармап калуу менен)

Накталай төлөмдөр үчүн толук аты-жөнүн жана телефон номерин колдонуу менен которуулар

Негизги маалымат

Которуу акысы

Чет өлкөдөн Сбербанкка которуулар боюнча маалыматты шилтемеден тапса болот

Которуу үчүн тарифтердин толук нускасы

Кайсы өлкөлөргө которуу жөнөтө алам?

Толук аты-жөнү жана телефон номери боюнча чет өлкөгө которуу жөнөтө ала турган өлкөлөрдүн тизмеси

  • Кыргызстан 

  • Өзбекстан

  • Тажикстан

Мен которууну кайсы валютада жөнөтө алам?

Азырынча которуу орус рублинде гана жеткиликтүү 

Алуучунун толук аты-жөнүн жана телефон номерин колдонуп, чет өлкөгө канча сумманы которо алам?

Сиз алуучунун толук аты-жөнүн жана телефон номерин колдонуп, күнүнө 150 000 рублден ашпаган сумманы чет өлкөгө которо аласыз.

Чет өлкөдө которууну кайдан алсам болот?

Которууну накталай төлөм жүргүзүлгөн өлкөдө Астрасенд төлөм системасынын тейлөө пункттарында алууга болот. Сиз Астрасенд төлөм системасынын сайтында «Астрасенд пункттарынын тизмеси» бөлүмүнөн ыңгайлуу пунктту таба аласыз.

Мен которууну кайсы валютада алсам болот?

Тажикстанда жана Кыргызстанда —  Орус рубли менен. Өзбекстанда — АКШ доллары менен

Которууну алуу үчүн эмне керек?

Которууну алуу үчүн алуучуда төмөнкүлөр болушу/билиши керек:

  • Которуунун контролдук номери

  • Өздүгүн тастыктаган документ

  • Кээ бир өлкөлөрдө — жөнөтүүчүнүн толук аты-жөнү, жөнөтүүчү өлкө жана которуунун суммасы

Белгилүү бир өлкөдө которууну алуу тартиби боюнча кошумча маалыматты Астрасенд кардарларды тейлөө борборунан 8 (800) 101 02 20 же 8 (800) 513 11 89 телефондору аркылуу алса болот.

Которууну жокко чыгара аламбы?

Сиз Сбербанк Онлайн мобилдик тиркемеси аркылуу которууну өз алдыңызча жокко чыгарсаңыз болот. Которууну жокко чыгаруу үчүн төлөм 100 рублди түзөт. Сизге которуунун толук суммасы (анын ичинде которуу үчүн алынган комиссия) кийинки иш күнүндө кайтарылып берилет.

Эгерде алуучу которууну алып жатканда көйгөй тууралуу кабарласа, эмне кылышым керек?

Сиз алуучу менен байланышып, ага 8 (800) 101 02 20 же 8 (800) 513 11 89 телефондору аркылуу  Астрасенд төлөм системасынын Кардарларды тейлөө борборуна кайрылууну сунушташыңыз керек