В праздники офисы работают по‑другому
Created with Pixso.

СберБанк чет элдик кардарлар үчүн

Орусияда жашап жана иштөө үчүн ыңгайлуу болгон СберБанктын продуктулары жана кызматтары

Келгенден кийинки маанилүү кадамдар — бир жерде

Биометрия тапшыруу

Сим карта үчүн биометрия тапшырууга жардам беребиз

Жеке өздүк эсептин камсыздоо номерин (ЖӨЭКН) чыгаруу

Россияда иштөө жана кызматтар үчүн ЖӨЭКН тариздейбиз

Госуслуги порталында катталуу

Каттоо жазуусун түзүүгө жана ырастоого жардам беребиз

Сим-карта тариздөө

Байланыш жана банктын кызматтары үчүн россиялык номерди туташтырабыз

Патентти төлөө

Россияда иштөө үчүн патентти төлөөгө жардам беребиз

Дебеттик картаны алуу

Төлөмдөр жана которуулар үчүн СберКартаны тариздөөгө жардам беребиз

Тариздөө үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:

  • Чет өлкөлүк жарандын паспорту

  • РФте жүрүү укугу жөнүндө документтердин бири: миграциялык карта, виза, убактылуу катталуу же жашоого уруксат

  • Электрондук почта — Госуслуги порталында маалыматтарды ырастоо үчүн

Ар түрдүү тилдерде сүйлөшөбүз

Банкоматтар 10 тил боюнча иш алып барат

Англис, өзбек, тажик, кыргыз, кытай, немис, француз, италия, испан жана фин тилдери жеткиликтүү

Колдонмодо 40+тилде колдоо көрсөтүлөт

СберБанк Онлайн колдонмосунун колдоо чаттарында маселелерди эне тилиңизде — тез жана чалуусуз чечиңиз

Колл-центердин операторлору англисче сүйлөшөт

Англисче сүйлөгөн кызматкер менен байланышуу үчүн чалуу учурунда 9 санын басыңыз

Орусиянын жарандарыныкындай аласа Сберкартасы

  • Телефон номери аркылуу 0-1% комиссия менен чет өлкөгө которуулар

  • Өзү жана жакындары учун уюлдук телефон үчүн акы төлөй алуу мумкунчулугу

  • Патент учун акы төлөө ыңгайлуулугу

СберПрайм Жазылуу

Жазылуу аркылуу Сиз1:

  • Банктын кардарларына комиссиясыз акча которо аласыз

  • Нак акчаны бекер чыгара аласыз

  • Уюлдук байланышты акысыз колдоно аласыз: Сбермобайлда 500 мүнөт жана 5 Гб. Болбосо башка каалаган тарифке 40% арзандатуу ала аласыз

СберПрайм Маяналык эмгек акыны СберКартага которуу үчүн

Жаңы кардарлар жана Сбер картасына эмгек акысын 90 күндөн ашык албай калгандар үчүн акысыз тарифтик план

  • Маалымдоолор жана тейлөө 0 ₽

  • Кешбэктин 4 категориясы — анын ичинде «бардык сатып алууларга 1%»2

  • СберМобайлдан 20% арзагдатуу3 — ар ай сайын номерди өткөрүү үчүн x2 Гб

  • СберПраво4 дегенден 15% арзандатуу — юридикалык маселелериңизди чечүү үчүн сервис

  • СберЗдоровье5де 25% арзандатуу — бардык анализдер үйгө жакын жерде

Чет элдик жарандар үчүн инвестициялар

  • Сбердин кеңсесинде же онлайн акысыз брокердик эсеп ачыңыз

  • SBER002 промокоду менен белекке СберБанктын 2 акциясын алыңыз

  • Россия рыногуна инвестиция салып, акциялардын, фонддордун өсүшүнөн жана облигациялардын купондорунан киреше табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуңуз

Салымдар жана эсеп-чоттор

Чет элдик жарандар Сбербанкта акчаны салымдарда2 жана эсеп-чоттордо коопсуз сактай алышат

  • Салымдын минималдуу суммасы — 1000 ₽, эсеп-чоттун суммасы — 0 ₽

  • СберБанк онлайн3 теркемесинде салымды же эсеп-чотту жазып-тариздеп, башкаруу мумкун. Үйдөн чыкпай эле эсеп-чот тууралуу тиешелуу кагаздарды сурай аласыз, ошондой эле өз эсеп-чоттон акчаны которо аласыз

Ипотекалык кредит

Эгерде Сиз СберБанк картасына эмгек акыңызды алсаңыз, анда ипотекалык кредит боюнча программалары Сизге жеткиликтүү болот. Орусиянын каалаган шаарында жасалып бүткөн үйлөрдө же жаңы курулуштарда турак-жай, шаардын сыртында жеке менчик үй же дача, жеңил машина учун орун же гараж сатып алууну караштыра аласыз

«Өздүк жеке иш» өзүнө өзү иштеген макамга ээ болгондор үчүн тейлөө кызматтары

«Өздүк жеке иш» тейлөө кызматтары Орусияда жеке өзү үчүн ортомчуларсыз мыйзамдуу иштөөгө мүмкүндүк берет. Өзүнө өзү иштеген макамда жеке өндүруштө өндүрүлгөн товарларды сатууга жана тейлөө кызматтарын көрсөтүүгө мумкун, ортомчуларсыз контрагенттер менен өз ара аракеттенүүгө болот4

Сбербанкты Онлайн кантип колдонсо болот

Биз СберБанк онлайн уюлдук тиркемесинде негизги операциялар  боюнча эскерме топтодук. Аманатты кантип ачууну, акча которууну, уюлдук байланыш үчүн төлөөнү жана башка көптөгөн нерселерди билип алыңыз

Чет элдиктер үчүн колдонмо

Бул жерде Сиз төмөнкү суроолорго жооп таба аласыз:

  • Көчүүнү кантип пландаштырса болот

  • Кандай документтерди толтуруу керек

  • Кантип отурукташып, бош убакытты кандай өткөрсө болот

Орусияга көчүп келүүнү каалаган, бирок эмнеден баштарын билбеген жакындарыңыз менен колдонмону бөлүшүңүз

Юридикалык маалымат

1 ЖАК Сбербанк (мындан ары — ТП) тарабынан берилген «СберПрайм+» (18+) Тарифтик планы — бул продуктылардын/кызматтардын тизмеси жана көрсөтүү шарттарын (коюмдардын жана/же башка шарттардын суммасы) көрсөтүү менен наркы. ТПга кошулуунун наркы, шарттары, чектөөлөрү жана мөөнөттөрү боюнча шарттар. ТПнын баасы айына 399 рублди же жылына 3990 рублди түзөт, бир ай/жыл үчүн абоненттик төлөм катары белгиленет жана ТПга кирген бардык өнүмдөрдүн жана кызматтардын баасын камтыйт, ал эми кардар камтылган продуктылар/кызматтардын бардыгын колдонууга милдеттүү эмес.

ТПны туташтырууда кардарга АК «ЦПЛ» тарабынан берилген СберПрай жазылуусун тариздөө мүмкүнчүлүгү (ОГРН 1117746689840, юридикалык дареги: 121170, Вн.Тер. Дорогомилово муниципалдык округу, Москва ш., Поклонная көч., 3-үй, эт. 3, пом. 120) «СберПрайм+ 1 (бир) ай/жылга барабар болгон ар бир жазылуу мезгили үчүн СберПраймга жазылуу наркынан 100 (жүз) пайыз арзандатуу менен» акциясына катышуунун алкагында (мындан ары TP Акциясы) берилет. Дем берүүчү ТП Акциясына катышуу мезгили үчүн берилет, ал СберПрайм+ ТП активдештирилген учурдан тартып СберПрайм+ ТП өчүрүлгөнгө чейин же Акциянын аяктаганга чейинки убакыт аралыгы катары, бул окуялардын кайсынысы мурда болгонуна жараша аныкталат. ТП Акциясынын жүргүзүү мөөнөтү: Москва убактысы боюнча 01.04.2021ден 31.03.2023-жылга чейин. ТП Акциясынын уюштуруучусу, аны ишке ашыруу эрежелери, стимулдардын саны, аларды алуу убактысы, орду жана тартиби, чектөөлөр жөнүндө толугураак маалымат.

СберПрайм Жазылуу — АК «ЦПЛ» тейлүү кызматтары (ОГРН 1117746689840, юридикалык дареги: 121170, Вн.Тер. Дорогомилово муниципалдык округу, Москва ш., Поклонная көч., 3-үй, эт. 3, пом. 120) жеке жактарга атайын шарттарда (атайын баа боюнча) сбер-Раймга жазылуунун өнөктөштөрүнүн сервистеринин комплексине жеткиликтүүлүктү уюштуруу жана камсыз кылуу боюнча, же болбосо сбер-Раймга жазылуунун өнөктөштөрүнүн уникалдуу маркетингдик акцияларынын алкагында жеткиликтүү дем берүү. Жазылуу жөнүндө толугураак. Сунуш. Өнөктөштөрдүн тизмеси, сервистерди берүү шарттары, чектөөлөр.

2 СберКартага айына 70 000 ₽ же андан көп эмгек акы которулганда, айына 5000 «Рахмат» бонусу чеги менен «Бардык сатып алуулар» категориясы боюнча 1% кешбэк чегерилет; которуу суммасы азыраак болсо, кешбэк 0,5% түзүп, бонустардын айлык чеги 2000 болот.

3 Арзандатуу төмөнкү тарифтерде иштейт: Рационалдуулар үчүн (300 мүнөт жана 10 Гб), Токтолбостор үчүн (600 мүнөт жана 30 Гб), Максималдуулар үчүн (900 мүнөт жана 50 Гб). Акциянын эрежелери шилтеме аркылуу жайгаштырылат.

4 Акциянын эрежелери төмөндөгү дарек аркылуу https://sberpravo.ru/documents/promotion-rules IV — «Салык декларациясы» жазылуусун/кызматын «Сбербанк» ААКнын эмгек акы төлөөчү кардарларына жана эмгек акы төлөөчү кардарлар катары сатуу» арзандатуу акциясынын шарттары» бөлүмүндө жайгашкан.

5 Аннализдерге арзандатууну СберБанк Онлайнда алууга болот. Колдонмодо «Профиль» — «Сиздин артыкчылыктарыңыз» бөлүмүн табыңыз да, «СберСаламаттык. Анализдерге 25% арзандатуу» сунушун ачып, промокоддду көчүрүп алыңыз жана «Жазылуу» дегенди бассаңыз — СберСаламаттык кызматынын баракчасы ачылат. Анализдерди тандап, төлөп жатканда арзандатууну алуу үчүн промокодду колдонуңуз. Промокодду колдонуу шарттары.